Жалпы билим берүүчү мектептердин англис тили мугалимдери үчүн республикалык сынак башталды

16 Ноябрь 2021 ж.

«Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фонду жалпы билим берүүчү мектептердин англис тили мугалимдери үчүн республикалык сынак башталганын жарыялайт. Бул сынак Билим берүү жана илим министрлигинин жана АКШ Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып, мугалимдерге англис тилин билүү деңгээлин жана кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сынак үч турдан турат. Сынактын биринчи туру 5-декабрда саат 09.00дө онлайн режиминде өтөт. 

Талаптар: мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде иштеген 3-класстан 11-класска чейинкилердин англис тили мугалимдери. 

Баштапкы каттоодон өтүү үчүн төмөнкү шилтемеге өтүү керек: https://forms.gle/1D4YdvcqTeHdxVCi8 

Каттоонун акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 1-декабры, саат 18:00гө чейин. 

Сынактык тапшырмалар үчүн шилтеме катышуучуларга электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт жана сынак өткөрүлгөн күнү жеткиликтүү болот. 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге өтүңүз:

https://www.facebook.com/linguaschoolbishkek/photos/a.842983252404070/4477270982308594

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар