АРАВАН РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КОНКУРС

29 Май 2023 ж.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже топтогу административдик кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт.

Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар:

Кызмат орундарынын кенже топтору үчүн төмөнкүлөр болуш керек:
 Педагогикалык, гуманитардык илимдер боюнча жогорку билими;
– иш стажына талаптар коюлбайт.

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү  билүүсү зарыл:
1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

2.  “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;

3. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

4.  “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук таматануусу жөнүндө” мыйзамы;.

5. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.

Билгичтиги:


-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:


-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)
– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);
– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);
– негизги жана кошумча
жогорку билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу 6 айга чейинки маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

Жарыя гезиттерге/сайттарга чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде  документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Араван району, Ташматова көчөсү №3, Араван  райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты.

Сурап билүү телефону: 0778 300 448, 0772 327 632

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар