ИНДИЯНЫН МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАР БОЮНЧА КЕҢЕШИНИН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН 4 СТИПЕНДИЯСЫ

19 Май 2023 ж.

Индиянын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Индиянын маданий байланыштар боюнча кеңешинин стипендиялык программасынын (ICCR) алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына жыл сайын Индиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн 4 орун бөлүнөт.

Стипендияга арыз берүү процесси боюнча толук көрсөтмөлөр, керек болгон документтердин/күбөлүктөрдүн реквизиттери, университеттердин тизмеси http://a2ascholarships.iccr.gov.in порталында жеткиликтүү.

Стипендиялык программага катышууну каалагандар онлайн каттоодон өтүшү керек.

Талапкерлер толтурулган арыздын көчүрмөсү менен бирдикте бардык жүктөлгөн документтердин көчүрмөлөрүн Индиянын Бишкектеги Элчилигине жөнөтүшү керек (КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу дагы жөнөтсө болот).

Тандоодон өткөр талапкерлерге авиабилет жана стипендия берилет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар