ИНДИЯНЫН ТЕХНИКАЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ПРОГРАММАСЫНЫН КУРСТАРЫНДА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ

19 Май 2023 ж.

Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан Индиянын ITEC техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын алкагында түрдүү өлкөлөрдүн адистери, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер маалыматтык технология, тил үйрөнүү, банк иши, менеджмент, шайлоо, ошондой эле илимий чөйрөлөр сыяктуу тармактарда өзүнүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.

Кененирээк маалыматты //www.itecgoi.in/index сайтынан ала аласыз.

Онлайн анкетаны толтуруу үчүн “Apply for ITEC” бѳлүгүнө өтүү керек.

Уюмдун жетекчисинин колу коюлган жана мөөрү басылган толтурулган анкетаны Индия Республикасынын Бишкектеги элчилигине жөнөтүү керек (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу да жөнөтсө болот).

Тандоодон өткөн талапкерлерге Индиянын Өкмөтү авиабилет, жатакана жана суткалык чыгымдарын каржылап берет.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар