БАТКЕН ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

24 Март 2023 ж.

БАТКЕН ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппараты, кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт

Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн талаптар:

Кесиптик билимдин денгээли:
Гуманитардык, педагогикалык, физика-математикалык жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

2.  “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;

3. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

4.  “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;.

5. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.

Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар:

Кесиптик билимдин денгээли:
Гуманитардык, педагогикалык, физика-математикалык жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Иш стажына талаптар коюлбайт.

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

 

Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

2.  “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;

3. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

4.  “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;.

5. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)
– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);
– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);
– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

 

Документтер 2023-жылдын 23-мартынан тартып 6-апрели саат 18-00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Султанмурат Минбашы көчөсү №12. Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн имараты.

Сурап билүү телефону: 0772351220

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар