КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЕСИПТИК ОРТООКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН УЛУТТУК РЕЙТИНГИН ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА УЮМДАРДЫ ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

3 Февраль 2023 ж.

2023-жылдын 6-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдарды тандап баштайт.

 

Кесиптик орто окуу жайларынын рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуу;

- рейтинг боюнча изилдөөлөрдүн маалыматтык жана методологиялык базасы;

- рейтингди жүргүзүү методикасынын болушу;

- рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу;

-рейтинг жаатында изилдөөгө автордук укукту каттоо жөнүндө күбөлүктүн болушу;

- эл аралык агенттиктер менен рейтингдик изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү ишинин багыты боюнча кызматташтыктын болушу.

 

Кыргыз Республикасынынкесиптик орто окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдар Министрликке төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) эркин формадагы арыз;

2) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) уюмдун жогоруда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган документтер.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 6-февралынан 15-февралына чейин (7 жумушчу күндүн ичинде) саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин.

Арыз (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Тыныстанов кɵчɵсү, 257, 317-каб. (КР Билим берүү жана илим министрлиги).

МЕХАНИЗМ_БУЙРУГУ (файл)

ТАНДОО МЕХАНИЗМИ (файл)

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар