2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН КОНКУРС

28 Ноябрь 2022 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык, 2023-2024-окуу жылында Венгриянын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн кыргызстандык студенттерге сынактык тандоо башталды.

Жогорудагы меморандумга ылайык, жыл сайын Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасы Кыргызстандын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алууга гранттарды берет (бакалавр, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура).

Эскертүү: Аталган гранттар венгр өкмөттүк Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Темпус коомдук фонду аткарат.

Көңүл буруңуз!

Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Документтерди башка агенттиктер аркылуу бербеңиз жана алардын документтерди тапшырып берүү боюнча кызматтарына акы төлөбөңүз. Анткени программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Темпус коомдук фондунун түздөн-түз кызматташуусу аркылуу ишке ашырылат.

Алдын ала сынактык тандоого төмөнкүлөр катыша алат:

Кыргыз Республикасынын жарандары;

2005-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2023-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор;

2023-жылдын 15-январы саат 23:59га чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, керектүү документтердин баарын тиркеген жана кыргыз тараптын (student.edu.gov.kg) онлайн системасына да 2023-жылдын 16-январы саат 14:00го чейин эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер.

Кыргызстандын онлайн системасына жүктөй турган документтердин тизмеси:

  • Англис жана орус тилдериндеги резюме;
  • Билими жөнүндө документ – СӨЗСҮЗ түрдө чыгарылган орто балл менен (аттестат/дипломдун көчүрмөсү. Эгер талапкер окуп жатса – орто балл чыгарылган табель/транскрипт);
  • Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган документ, акыркы жыл үчүн (TOEFL же IELTS) Эгер жок болсо, TOEFL же IELTS тестин тапшыруудагы биринчи жыйынтыгы;
  • Сунуштама кат;
  • Талапкердин сертификат, диплом, грамота, макала, илимий публикацияларынын жана башка жетишкендиктеринин көчүрмөсү (эгер бар болсо);
  • 086 медициналык аныктамасы (же болбосо чет өлкөгө билим алуу үчүн чыгууга бериле турган аныктама);
  • ВИЧ/СПИДдин жоктугун тастыктаган аныктама;
  • Соттолбогондугу боюнча аныктама;
  • Үй-бүлө курамы жөнүндө аныктама;
  • Улуттук паспортунун көчүрмөсү (ID-card) (18 жашка толо элек жана паспорт ала электер – Туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Чет өлкөгө чыгуучу паспорттун көчүрмөсү (жалпы жарандык паспорт) (эгер бар болсо).

«Stipendium Hungaricum Scholarship Programme» онлайн-системасына жүктөй турган документтердин тизмеси төмөндөгү сайтта жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu

2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жарандары үчүн төмөндөгү багыттар боюнча 200 гранттык орун бар:

Бакалавр жана бир деңгээлдүү магистрдик программалары – 130 орун төмөнкү багыттар боюнча: айыл чарба, гуманитардык, социалдык илимдер, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, инженердик илимдер, экономикалык илимдер, медициналык илимдер, педагогикалык илимдер, спорттук илимдер, табигый илимдер, искусство жана көркөм өнөрдүк билим;

Магистратура программалары – 50 орун төмөнкү багыттар боюнча: айыл чарба, гуманитардык илимдер, социалдык, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, юридикалык, экономикалык, инженердик илимдер, медицина жана саламаттыкты сактоо, педагогикалык, спорттук, табигый илимдер жана искусство;

Толук докторлук даражасын алуу үчүн (PhD/DLA) каалаган тармакта - 20 орун.

Программанын стипендиаттарына төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программалар үчүн ай сайын 43 700 форинт, докторантура программасынын студенттерине биринчи билим алуу этабы үчүн (4 семестр) – 140 000 форинт жана экинчи билим алуу этабы үчүн (4 семестр) – 180 000 форинт;
  • ЖОЖдордун жатаканасы же турак жайды ижарага алууга көмөк (40 000 форинтке чейин).
  • Венгриянын мыйзамдарына ылайык медициналык камсыздандыруу.

Көңүл буруңуздар: Стипендиялык программанын катышуучулары виза алууга байланыштуу чыгымдарды, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды өздөрү төлөшү керек.

Биринчи окуу жылында (биринчи эки семестрде) бакалавриат жана магистратура программаларында окуган студенттер өз университеттеринде “Венгр тили чет тил катары” предмети боюнча сабактарга катышууга милдеттүү жана экинчи семестрдин аягында ушул сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен тапшырышы зарыл.

Көңүл буруңуздар! Докторантура программаларына катышуу эрежелери жана документтерге коюлган талаптар бакалавриат жана магистратура программаларынын эрежелеринен жана талаптарынан бир аз айырмаланып турат.

Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программаларга катышуу шарттары төмөндөгү шилтемеде жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2022_2023_final.pdf

Докторантура программаларына катышуу шарттары төмөндөгү шилтемеде жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/PhD_Call_for_Applications_2022_2023_final.pdf

1. Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу

Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу Венгрия тараптан Темпус коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн-системасы https://apply.stipendiumhungaricum.hu аркылуу, ал эми кыргыз тараптан  https://student.edu.gov.kg онлайн-системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Талапкерлер төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:

https://apply.stipendiumhungaricum.hu онлайн-системасына катталып, тиешелүү форманы толтуруп, керектелген документтерди 2023-жылдын 16-январына саат 14:00го чейин жүктөшү керек;

https://student.edu.gov.kg системасына катталып, керектелген бардык документтерди 2023-жылдын 15-январына саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр, ошондой эле 2005-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн талапкерлердин өтүнмөлөрү автоматтык түрдө четтетилет!

Stipendium Hungaricum программасы боюнча толук маалымат, анын ичинде документтерге болгон талаптар, өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрү, ошондой эле эң көп берилген суроолорго жооптор https://stipendiumhungaricum.hu/ сайтында жайгаштырылган. 

2. Тандоо сыноосу жана техникалык текшерүүнү өткөрүү

1. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин, бардык берилген өтүнмөлөрдүн талаптарга шайкештиги (жаш курагы жана бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Венгр жана кыргыз онлайн-системаларында ийгиликтүү жана өз убагында каттоодон өтүп, программанын талаптарына ылайык бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноосуна катышууга уруксат берилет (алдын ала тандоо).

2. Алдын ала тандоо

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт.

Көңүл буруңуздар! Алдын ала тандоо болжол менен 2023-жылдын феврал айында өтөт. Конкурстук тандоонун күнү жана убактысы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына алдын ала жарыяланат. Мындан сырткары кыргыз тараптын онлайн-системасына (https://student.edu.gov.kg) катталып, техникалык текшерүүдөн өткөндөргө конкурстук тандоонун күнү жана убактысы алардын (талапкерлердин) жеке кабинетине жөнөтүлөт.

Конкурстук тандоо өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

Бакалавр жана бир деңгээлдүү магистрдик программасы үчүн:

Берилген документтерге ылайык – орточо баа;

Берилген документтерге ылайык (TOEFL же IELTS) – англис тилин билүү деңгээлин баалоо;

Компьютердик тестирлөөдөн өтүү;

Англис тилинде жазылган эссени баалоо.

Магистратура жана докторантура программалары үчүн:

Берилген документтерге ылайык – орточо баа;

Берилген документтерге ылайык (TOEFL же IELTS) – англис тилин билүү деңгээлин баалоо;

Англис тилинде жазылган изилдөө планын (Research Plan) баалоо;

Аңгемелешүү.

Эскерте кетүүчү нерсе, алдын ала тандоонун бетме-бет этабына башкача айтканда тестирлөөгө жана маектешүүгө катышуу үчүн талапкерлердин жеке катышуусу талап кылынат.

Эгерде талапкер жүйөөлүү, объективдүү себептер менен тандап алуунун күндүзгү этабын (тестирлөө, аңгемелешүү) өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн учурда, тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн-форматта өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.

Көңүл буруңуздар! Объективдүүлүктү камсыздоо максатында жана тандоо, эксперттик жана апелляциялык комиссиялардын ички пайдалануусу үчүн сынактык тестирлөөнүн жүрүшүндө фото жана видеосъемка жүргүзүлөт. Бул тасма сынактын катышуучуларына, алардын ата-энелерине же башка жарандарга берилбейт.

3. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сунушталган талапкерлердин тизмесин Венгрия тарапка жөнөтүү

Алдын ала тандоонун жыйынтыгынын негизинде сунушталган 300 талапкердин жалпы тизмеси түзүлөт. Мында бардык 300 талапкер бирдей даражада стипендия алууга талапкер болушат.

Негизги жана кошумча тизмеге кирген бардык катышуучулар стипендия алууга бирдей деңгээлде талапкер болушат.

4. Венгрия тарабынан сунушталган өтүнмөлөрдү кароо жана стипендия берүү жөнүндө акыркы чечим

Талапкерлер каттоо учурунда тандаган жогорку окуу жайлардын жана программалардын артыкчылыгына (first choice, second choice) ылайык, кыргыз тарап сунуш кылган талапкерлердин документтери Венгриянын жогорку окуу жайларына жөнөтүлөт.

Андан аркы тандоо ар бир университеттин кирүү талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Тандоонун жыйынтыгына ылайык, ЖОЖдор Темпус коомдук фондуна (Венгрия) жана талапкерлердин өздөрүнө аларды окууга кабыл алууга даяр экендиги жөнүндө маалымдашат, бирок талапкерлердин университеттен мындай тастыктаманы алышы стипендия берүү боюнча акыркы чечим эмес.

Сунушталган талапкерлерге стипендия берүү же бербөө боюнча акыркы чечимди Венгриядагы жогорку окуу жайларынын тастыктамаларынын негизинде Темпус коомдук фондунун Камкорчулар Кеңеши (Венгрия) кабыл алат.

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Пайдалуу шилтемелер:

Программа жөнүндө маалымат: https://stipendiumhungaricum.hu/

Бакалавриат жана магистратура, бир деңгээлдүү магистрдик программаларга катышуу шарттары: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Докторантура программаларына катышуу шарттары: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/PhD_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Кыргызстандын онлайн каттоо системасы: https://student.edu.gov.kg

Венгриянын онлайн каттоо платформасы: https://apply.stipendiumhungaricum.hu/

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар