Министрлик Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына сынак жарыялайт

27 Сентябрь 2021 ж.

Жалпы квалификациялык талаптар 

Башкы административдик мамлекеттик кызмат үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү: 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Респуюликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

7) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасы” кодекси.

 

Милдеттүү компетенциялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

- жогорку педагогикалык билим.

2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:

- 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык иш тажрыйбасы, же болбосо 5 жылдык кесиптик иш тажрыйбасы,

3. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүү:

- “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо.

 

Кошумча квалификациялык талаптар:

 

1. Көндүмдөрү:

- ишмердүүлүктүн приоритеттүү багыттарын жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну аныктоо;

- анализ, прогноз, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көйгөйлөрдү чечүүгө мамиле кылууну көзөмөлдөө жана интеграциялоо;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана анын жыйынтыктарына жоопкерчилик алуу; 

- кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү абалдарды өз учурунда аныктоо жана чечүү;

- коюлган тапшырмаларды чечүүдө жаңычылдык мамиле кылууну колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана билим берүү бөлүмүнүн ишин, ведомстволор аралык өз ара ишти эффективдүү пландоо;

- программаларды иштеп чыгуу жана министрликти өнүктүрүү чараларын уюштуруу.

 

2. Жөндөмдүүлүк:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматтарды анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо;

- түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу;

- укуктук ченемдик актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу абалдарды жөнгө салуу;

- өз ара мамилелерди куруу, иш этикасынын ыкмаларын билүү, чогулуш жана жолугушуу өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө жана кызматтык кат алмашууну билүү;

- компьютердик жана оргтехникалык сабаттуулук, программалык продуктуларды билүү.

 

Бөлүм башчынын функциялык милдеттери:

- Райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин ишин көзөмөлдөө жана башкаруу;

- Билим берүү жаатындагы борборлоштурулган бухгалтериянын ишмердүүлүгүн жетектөө, райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын негизги багыттарын аныктоо;

- ЖӨАБ органдарынын макулдугу менен райондогу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кызматка бекитүү жана бошотуу;

- Коомдук уюмдар, жогору турган органдар менен кызматташуу боюнча иш алып баруу;

- Райондук билим берүү уюмунун чогулуштарын өткөрүү жана башкаруу;

- Райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү уюмдарын кайра түзүү, жоюу боюнча сунуштарды берүү;

- Райондук билим берүү бөлүмүнүн финансылык-чарбалык ишинин жүрүшүнө жооптуу;

- Жалпы билим берүү уюмдарында тарбиялык иштердин жүрүшүнө, анын аткарылышын камсыздоого, жалпы башкаруучулукка жооптуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди алып келүү зарыл:

  • Бош орун көрсөтүлгөн арыз;
  • Кадрларды каттоо боюнча баракча (сүрөтү менен);
  • Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Резюме;
  • Паспорттун же өздүктү тактоочу документтин көчүрмөсү (Паспорттун же өздүктү тактоочу документтин түп нускасы конкурска катышкан күнү көрсөтүлөт);
  • Талап кылынуучу жогорку билими жөнүндө документ (диплом), эмгек стажы жана квалификациясы (көчүрмө), эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны, илимий наам ыйгаруу жөнүндө, документтердин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналдар менен иштөө кызматтары тарабынан аныкталган көчүрмөсү.

Эскертүү: Конкурсанттар документтерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө (Тыныстанов көчөсү, 257, 219-кабинет) “Кут билим газетасына” жарык чыккандан тартып 10 жумуш күндүн ичинде саат 9:00 – 18:00 чейин алып барышы зарыл. 

Бүйүр кызыткан бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылыңыздар (Тыныстанов көчөсү, 257, 219-кабинет), тел.: 620509

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар