Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылынын башталышы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт

12 Август 2021 ж.

Урматтуу журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эртең, 13-августта, "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда жаңы окуу жылынын башталышы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт.

Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинен министрдин орун басары Жусупбекова Надира Сынташевна, бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Баймуратова Акыйкат Кеңешбековна, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Оторбаева Динара Сатаровна, Экономика жана финансы министрлигинен Туризм департаментинин директорунун орун басары Кенжематова Кыял Абдимиталовна катышат.

Маалымат жыйыны саат 10.00до башталат.

Ушуга байланыштуу сиздерди эртеңки маалымат жыйынынан күтөбүз.

Урматтоо менен,

Министрликтин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар