ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА СТИПЕНДИЯ

28 Июль 2022 ж.

2022-жылдын 27-июлунда 2022-2023-окуу жылына чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды жогорку окуу жайларына кабыл алуу башталат. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жождорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү.

Сынакка этникалык кыргыздар - Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2022-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Керектүү документтер:

1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт жок болгон учурда), орус же кыргыз тилине котормосу менен.

2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).

5. Медициналык күбөлүк 086-у.

6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!

Техникалык текшерүү

Кабыл алуу аяктагандан кийин (2022-жылдын 19-августу саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.

Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.


Конкурстук тандоо

Сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген Тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр программаларына конкурстук тандоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

- компьютердик тестирлөө.

Болжолдуу түрдө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 2022-жылдын 25-августунан 26-августуна чейин өткөрүлөт.

Онлайн системасында (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Эгерде талапкер жүйөлүү себептер менен жеке тандоо стадиясында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, Тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режиминде өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.

Конкурстук программага катышуу тууралуу маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. 

Баарыңарга ийгилик каалайбыз!!! 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар