Академик В.Г. Костомаров атындагы жаштардын гуманитардык изилдөөчүлүк жана долбоордук демилгелерин гранттык колдоо сынагы өткөрүлөт

11 Август 2021 ж.

А.С. Пушкин атындагы Орус тили мамлекеттик институту Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим министрлигинин көмөгү менен академик В.Г. Костомаров атындагы жаштардын гуманитардык изилдөөчүлүк жана долбоордук демилгелерди гранттык колдоо сынагын өткөрөт.

Байге фонду:

  • 500 000 – каржылоонун жалпы көлөмү
  • 50 000 – бир гранттын суммасы

Сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар:

  • 2021-жылдын 30-сентябрына карата 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар;
  • орто кесиптик жана жогорку билим берүү уюмдарынын студенттери, аспиранттар, окутуучулар, окумуштуулар жана жаш адистер;
  •  
  • Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украинанын жарандары.

Сынактын номинациялары:

  • маалыматтык-агартуучулук долбоорлор;
  • илимий-изилдөөчүлүк долбоорлор.

Сынакка катышуунун форматтары:

  • жекече өтүнмө;
  • тайпалык өтүнмө (5 адамдан ашпаган)

Өтүнмөлөрдү берүү: 2021-жылдын 19-августуна чейин

Толугураак маалыматты sng_rus@mail.ru электрондук дарегине жазып, университетке түз кайрылып алууга болот.

Сынактын расмий сайты: https://sng.pushkin.institute

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар