Конья шаарындагы соода палатасынын “Каратай” университети 2022-2023-окуу жылында окуу стипендиясын берет

14 Июль 2022 ж.
Конья шаарындагы соода палатасынын “Каратай” университети 2022-2023-окуу жылында
42 чет элдик студентке 100%,
608 студентке 50% жана
840 студентке 25% окуу стипендиясын берет.
 
Стипендия алуу үчүн онлайн сынак 2022-жылы
15-июлда жана 30-июлда,
15-августта жана 30-августта,
15-сентябрда жана 20-сентябрда
түрк, англис, араб, орус жана француз тилдеринде өтөт.
 
Сынакка https://exam.karatay.edu.tr/register шилтеме аркылуу каттала аласыз. Сынак акысы 250 түрк лирасын түзөт.
 
Чет элдик студенттер үчүн берилген квоталар жана аларды кабыл алуу шарттары тууралуу толук маалыматты https://int.karatay.edu.tr сайтынан алса болот.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар