Шанхай кызматташтык уюмунун жаш окумуштууларынын жана инноваторлорунун форуму коомдун көйгөйлөрүн чечүү үчүн илимий-техникалык таасир этүү жолдорун аныктайт

29 Июнь 2022 ж.

КУЛАКТАНДЫРУУ

Шанхай кызматташтык уюмунун жаш окумуштууларынын жана инноваторлорунун форуму коомдун көйгөйлөрүн чечүү үчүн илимий-техникалык таасир этүү жолдорун аныктайт

 

2022-жылдын 10-14-октябрында Индия ШКУнун жаш окумуштууларынын II конклавын өткөрөт.

Конклав Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана илим жана технология департаменттеринин жетекчилеринин жаштардын иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү демилгесин колдогон V сессиясынын чечимин аткаруу максатында уюштурулууда.

Чыгармачыл жаштардын форумунда төмөнкү темалар талкууланат:

1. Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын башкаруу.

3. Жасалма интеллектти жана чоң маалыматтарды изилдөө жана колдонуу.

4. Туруктуу энергия жана энергияны сактоо.

5. Оорулардын биологиясы жана саламаттыкты сактоо.

40 жашка чейинки (2022-жылдын 1-октябрына карата) STEM дисциплиналарын жана ага байланыштуу илимдердин окумуштуулары жана адистери катышууга чакырылат.

Конклав COVID-19 пандемия кырдаалына байланыштуу бетме-бет катышууга артыкчылык берүү менен гибриддик режимде өтөт.

Формага ылайык толтурулган анкетаны (тиркелет) 2022-жылдын 28-июнунан 20-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (Бишкек шаары, К.Тынычтанов көчөсү 257, 215-кабинет) же unntp.gov.kg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүү зарыл.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 62 04 84.

 

Толук маалымат тиркелет.

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар