“АЛТЫН ТАМГА” ТЕСТИ 14-МАЙДА ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Апрель 2024 ж. 16:45

Көрүлдү: 1025

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү программалары боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын стандартташтырылган бланкалык тести 2024-жылдын 14-майында өтө тургандыгын билдирет.

post.title

“Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде (кыргыз, орус, өзбек тилинде) төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:

  • эне-тили жана адабияты (45 мүнөт);
  • математика (70 мүнөт);
  • кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт);
  • химия (60 мүнөт).

“Алтын тамга” тестине катышуу билим алуунун формасына карабастан жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

“Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

https://edu.gov.kg/organizations/4/pages/267/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар