Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы

Көрүлдү: 6462

Илим башкармалыгы жөнүндө маалымат

Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгы

Илим башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу башкармалыгы болуп саналат. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, 2018-2040-жылдарга карата улуттук өнүгүү стратегиясына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө Жобого жана  башкармалыктын планына ылайык жүргүзөт.

Башкармалыктын максаттары

Илим башкармалыгынын негизги милдети - илим тармагында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алкагында ишке ашырууну камсыздоо.

 

Башкармалыктын милдеттери 

Башкармалыктын негизги милдеттери: илим тармагында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатын, концепциясын жана мамлекеттик программасын  өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө максаттап иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- илимди өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, илимий долбоорлорго мамлекеттик заказдарды түзүү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө артыкчылык берилген багыттарын аныктоо;

- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, аспирантурада, докторантурада, резидентурада ж.б. билим алуу үчүн типтүү эрежелерди жана тартиптерди иштеп чыгуу;

 - Кыргыз республикасынын илимий кубаттуулугун сактап калуу механизмдерин түзүү, илимий мекемелерде жана ЖОЖдорду жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо шарттарын түзүп берүү;

- илим тармагындагы мамлекеттик программаларды аткарууну көзөмөлдөө;

- эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен алака түзүү жана биргеликте каржылоо аркылуу илимий-изилдөө долбоорлорду ишке ашыруу;

- илим дараметин жана жетишкендиктерин даңазалоо, басып чыгарууну жана жайылтууну камсыздоо.

 

Министрлер Кабинетинин алдындагы Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин тапшырмалары

2022-жылдын 8-июлундагы кеңешменин протоколу боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына илим тармагындагы реформа боюнча тиешелүү чечимдерге ылайык проект киргизүү.
  • "Кумтор голд компаниясынын" жетекчилиги көтөргөн мекеменин жалпы кирешесинин бир пайызын илимий изилдөөлөргө бөлүү жөнүндөгү инициативасына жардам берүү.
  • Улуттук илимдер академиясынын алдындагы илимий изилдөө институттары менен жогорку окуу жайларынын интеграциясы боюнча каржылык жана башкаруу механизмдерин Улуттук илимдер академиясы менен бирге иштеп чыгуу.
  • Министрликтердин жана административдик бөлүмдөрдүн жылдык бюджетинин эки пайызын мамлекеттик заказды аныктоо укугу жана бюджеттик каражат толук колдонулбаган шартта Билим берүү жана илим министрлигинин илим боюнча бирдиктүү фондуна которуу менен илимий изилдөөлөргө багыттоо.
  • Саясий мотивдер менен түзүлүп калган илимий изилдөө мекемелери пайдалуу болуп болбогонуна карап жоюлушу же оптимизацияланышы керек (Манас жана Айтматов академиясы)
  • Илимий изилдөөнүн приоритеттүү багыттарын аныктоо жана аны каражат менен колдоо.
  • Чачыранды кылбай тарыхты бир илимий изилдөө мекемесинин алкагында изилдөө.

2022-жылдын 27-майындагы кеңешменин тапшырмалары боюнча:

  • Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен бирге илим тармагындагы маселелерди чечүүнүн 3 вариантын мамлекеттин жетекчилигине сунуштоо.
  • Урматтуу академиктердин, профессорлордун жана доценттердин ишмердүүлүгү боюнча маалыматты тактоо (иштеген жери, сабак өткөн университет, учурдагы активдүү илимий изилдөөлөрү, чыгарган макалалары ж.б.)
  • Нормативдик жана укуктук актыларды дыкат изилдеп, керек болсо өзгөртүү.
  • Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту микро ГЭСтин үлгүсүн тапсын. Министрлер Кабинети илимий максат үчүн алып берүүгө даяр. Каалаган жарандар, фермерлер, бизнесмендер келип көрүп, үйрөнүп алып өндүрүүчүдөн өздөрүнө сатып алат.

 

2021-жылдын 28-декабрындагы кеңешменин тапшырмалары боюнча:

  • Прикладдык мүнөздөгү мамлекеттик илимий мекемелерди тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык органдарга өткөрүп берүү. Фундаменталдык багыттагы илимий мекемелерди өлкөдөгү тиешелүү ири жогорку окуу жайларына өткөрүп берүү процессин бүтүрүү.
  • Бардык мамлекеттик илимий мекемелер эч бири калбастан пайдалуу жана эффективдүү болуп болбогондугу боюнча текшерүүдөн өтсүн.
  • Нормативдик жана укуктук актыларды дыкат изилдеп, керек болсо өзгөртүү.
  • Илимди каржылоонун көлөмүн ички дүң продукциянын бир пайызына чейин жеткирүүнү жыл сайын бөлүнгөн сумманы эки эсеге көбөйтүү аркылуу Каржы министрлиги менен чогуу көзөмөлдөө. Ошол эле учурда бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу колдонулуп жаткандыгына мониторинг жүргүзүп, деталдуу аналитикалык катты жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берүү.
  • Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын камсыз кылуу үчүн кардиналдуу реформа жүргүзүү боюнча негиздүү сунуштарды киргизүү.
  • Мамлекеттик заказдар боюнча илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын илимий техникалык кеңештеринин болушун норма катары киргизүү. Аталган илимий техникалык кеңештердин милдети инициатива көтөрүү жана илимий изилдөө ишинин эффективдүүлүгүн аныктоо.
  • Илимий ишмердүүлүктү децентрализациялоо максатында региондогу мамлекеттик университеттердин кызматкерлеринин долбоорлорун кароодо артыкчылык берүү.
  • Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен бирге мамлекеттик заказ түрүндөгү илимий изилдөө иштеринин конкреттүү планын жыл сайын бекитүү жана коротулган бюджеттик каражаттын эффективдүүлүгүн аныктоо.
  • 2023-жылдын 1-январынан тартып конкурстук негизде илим изилдөө иштерине бөлүнгөн бюджеттик каражатты бекитилген смета аркылуу колдонуу жана айлыкка гана бөлүнүп келген практиканы токтотуу. Ошону менен бирге айлык эсептөөдө колдонулуп келген эмгек акы сеткасын жоюу.
  • Улуттук илим фондун түзүү жана анын иштеп кетүүсүн камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана даярдоо иш чараларын жүргүзүү.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге медицина тармагындагы көптөгөн мамлекеттик илимий мекемелерди кайра түзүү же оптимизациялоо боюнча негиздүү сунуштарды берүү.
  • Мамлекеттик илимий мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлыктарын көтөрүү боюнча белгиленген тартипте инициатива көтөрүү.
  • Улуттук аттестациялык комиссия, Улуттук илимдер академиясы, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту жана башка жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге диссертациялык иштер үчүн актуалдуу темаларды 3 жылда бир бекитип туруу.
  • Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Билим берүү жана илим министрлигине актуалдуу стратегиялык тапшырмалар жана керектүү илимий изилдөөлөр жөнүндө деталдуу аналитикалык катты жыл сайын берип турат.

 

2019-жылдын 7-июнундагы кеңешме: 4 жылдан кийинки экинчи чогулуш

 

  • Илимий изилдөөлөр мамлекеттик заказ берүү механизмин жакшыртуу.
  • Региондогу илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү камсыздоо жана илим изилдөөнү децентрализациялоо.
  • 2-3 жыл ичинде илимди каржылоонун көлөмүн ички дүң продукциянын 1%ына жеткирүү.
  • Жыл сайын 30-августка чейин бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана региондордогу өкмөттүн өкүлчүлүктөрү Билим берүү жана илим министрлигине изилдеш керек болгон илимий темаларды жана кыскача техникалык тапшырмаларды берсин.
  • Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясы иштеп чыккан Кыргызстандын инновациялык өнүгүүсү боюнча сунуштарын ишке ашырууга активдүү катышуу.

2015-жылдын 2-декабрындагы кеңешме: кеңештин биринчи чогулушу

 

Илим тармагы боюнча маалымат (base.vak.kg)

 

Аталышы

Саны

1

Окумуштуулардын саны

6886

2

Докторлордун саны

1179

3

Кандидаттар

5323

4

Улук илимий кызматкерлер

 

384

5

Академиктер

40

6

Мүчө корреспондент

51

7

PhD/ нострификациядан өткөндөр

30

8

Институттардын саны

УИА – 19

Тармактык – 21

ЖОЖдор - 35

 

Илимге бөлүнгөн акча каражаттар

 

Жылдар

ИДП

Министрлик

Долбоорлор

2017

0,11

158309,3

 

2018

0,1

158309,3

 

2019

0,09

158309,3

 

2020

0,09

158309,3

 

2021

0,08

146535,1

287

2022

0,07

218087,0

201

2023

-

218087,0

154

 

Аспиранттар – 1163 (443 1-курс, 340 2-курс, 380 3-курс)

(Жалпы катталып улантпагандар база боюнча 12 миңге жакын);

20% - Педагогика;

18% - Медицина;

15% - Филология;

14% - Экономика;

14% - Юриспруденция;

5% - Философия;

14% - Тарых, социология, саясат, техникалык ж.б. багыттар

 

Илимий изденүүчү (соискательство) – 447

Кенже илимий кызматкерлер – 580;

Башкы илимий кызматкерлер – 232;

Лаборанттар – 474;

Докторанттар – 115;

МОП – 457;

ТОП – 247

Инженерлер – 229

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар