РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА STEM МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ КУРСТАРДЫН ҮЧҮНЧҮ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Декабрь 2024 ж. 14:37

Көрүлдү: 814

2024-жылдын 4-декабрында STEM предметтердин мугалимдери үчүн кеңири масштабдагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын үчүнчү этабы башталды.

post.title

Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан өткөрүлүүдө.

Курстар табигый илимдерди жана математиканы окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган, алар мугалимдерге окуучуларды окуу процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Төрт күндүк тренингдер өлкөнүн бардык региондорун камтыйт, окутуу квалификациялуу мастер-тренерлер тарабынан өткөрүлөт.

Жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулат: тренингдер аяктагандан кийин ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак пландарын түзөт. Мастер-тренерлер мугалимдерди  коштоп, алардын сабактарына катышып, күнүмдүк практикага жаңы ыкмаларды киргизүүгө жардам беришүүдө. Курстардын аягына чейин Кыргызстандагы бардык STEM мугалимдерин окутуу пландалууда.

Квалификацияны жогорулатуу курстары Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар