ЫСЫК-КӨЛДӨ БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Декабрь 2024 ж. 10:04

Көрүлдү: 688

Ысык-Көл облусунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, тарбиячылары жана башка категориядагы кызматкерлери үчүн кенже курактагы балдарга карата зомбулукту, бала бакча кызматкерлеринин укукка каршы жүрүм-турумун алдын алуу маселелери боюнча жыйындар өткөрүлдү.

post.title

Жыйындарга өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышып, өздөрүнүн компетенциясынын чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Эске салсак, социалдык желелерде кызуу талкууга жем таштаган соңку окуялардан улам коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү иш-аракети күчөтүлүп, жер-жерлерде тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан биргелешкен профилактикалык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар