Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
10 Декабрь 2024 ж. 15:13
Көрүлдү: 797
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2024-жылдын 9-декабрында Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө арналган “Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун механизмдери жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык милдеттенмелерди аткаруу” темасында илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Аталган илимий-практикалык конференцияга сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, жогорку окуу жайларынын жана мамлекеттик органдардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, жарандык коом институттарынын жана бизнестин өкүлдөрү катышышты.
Конференциянын негизги максаты коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана коррупцияга каршы күрөшүү саясатын ишке ашырууга жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууну камсыздоого багытталган сунуштарды жана демилгелерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Илимий-практикалык конференцияда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын ага окутуучусу Тилек Калиев “Кыргызстандагы коррупцияга каршы саясат жана коррупцияга каршы ыкмалар” темасында, ал эми Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Назгүл Сулайманова “Мыйзамсыз баюу: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде мыйзам чыгарууну регламенттештирүү маселелери” темасында баяндама жасашты.
Белгилей кетсек, министрлик ушул тапта Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында иш жүргүзүүдө.