Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
4 Декабрь 2024 ж. 17:15
Көрүлдү: 1214
2024-жылдын 4-декабрында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова коомдук кабылдама аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Ар кандай маселе менен келген жарандардын көйгөйлөрүн Н. Джусупбекова тыкыр карап чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө тапшырмаларды берди.
Эске сала кетсек, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алышат.
Министрликтин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19