Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
3 Декабрь 2024 ж. 18:18
Көрүлдү: 1294
Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартындагы маданий өнүгүүнүн аспекттери” аттуу тегерек стол өттү.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору тарабынан чакырылган маданият ишмерлери жана искусство таануу, кино, театр жана музыка жаатындагы эксперттер катышты.
Министрдин орун басары Лира Самыкбаева тегерек столдун катышуучуларына мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты иштелип чыкканын, ал эми жалпы орто билим берүү боюнча стандарттар финалдык этапта экенин айтты.
“Орто билим берүү боюнча мамлекеттик стандарт иштелип чыккандан кийин предметтик стандарттар иштелип чыгат. Буга чейинки стандарт өтө чоң жана түшүнүүгө оор болгон. Министрдин тапшырмасы менен мамлекеттик билим берүү стандарты кыргыз тилинде иштелип жатат, ал абдан жөнөкөй тил менен ар бир мугалим, ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү болуп жазылууда”, – деди Л. Самыкбаева.
Министрдин орун басары Надира Джусупбекова катышуучуларга мамлекеттик билим берүү стандартын азыр оңдоп-түзөөгө жана жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов тегерек столдун катышуучуларын жалпы орто билим берүү мамлекеттик стандартынын долбоору менен тааныштырды.
М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернаттын директору Разия Сырдыбаева стандарт башынан кыргызча ой жүгүртүү, кыргызча ойлонуу менен жазылганы жакканын айтып, буларга токтолду: “Тилекке каршы, муну качан эле жасаш керек болчу. Себеп дегенде буга чейинки мисалдарды карап көрсөк, англис тилинен алып, орусча ойлонуп, анан кыргыз тилине которулчу. Биз Кыргызстанда жашап, Кыргызстандын балдарына билим бере турган болсок, албетте, кыргызча жазганыбыз өтө маанилүү. Буга чейинки коомдо айтылып келген көйгөйлөрдүн көбүн камтып, чечкенге аракет жасалганы байкалып турат”.
Белгилей кетсек, тегерек столдун максаты маселелерди ар тараптуу талкуулоо жана жаңы мамлекеттик стандартта маданий өнүгүү боюнча сунуштарды камтуу болгон.