ӨЛКӨ БОЮНЧА 300 БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ ИШТЕП ЖАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Декабрь 2024 ж. 17:36

Көрүлдү: 1472

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республика боюнча  китепканалардын алдында 300 эрте өнүктүрүү борбору  иштеп жатканын билдирет.

post.title

Эрте өнүктүрүү борборлору - билимге, маданиятка жана чыгармачылыкка ачылган терезе. Алар балдардын жашоосуна оң таасирин тийгизүү менен келечек муундун өсүшүнө салым кошот. Бул борборлордун негизги ишмердүүлүгү билим берүү программаларын, социалдык жөндөмдөрдү, чыгармачылыкты өнүктүрүү, ата-энелер үчүн колдоо, китепкана ресурстарын пайдалануу, балдардын камтылышын көбөйтүү багыттарын камтыйт. 

Балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ата-энелер менен балдардын сүйүктүү жайына айланды. Балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүп, оюндар, кол өнөрчүлүк ж.б. иш-чаралар аркылуу чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүп жатышат.

Алар шаарда эле эмес, айылдарда да жемиштүү иштөөдө. Айрым борборлордун ишмердүүлүгү сүрөттөрдө чагылдырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар