COVID-19: БАЛДАРДЫ САПАТТУУ БИЛИМ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ДОЛБООР ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫК БЕРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Ноябрь 2024 ж. 17:56

Көрүлдү: 1575

Бүгүн, 29-ноябрда, Билим берүү жана илим министрлиги Жапон элчилиги жана ЮНИСЕФ менен бирге COVID-19дан жабыркаган балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу боюнча долбоордун жыйынтыгын чыгарды.

post.title

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа жана өлкөнүн билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.

Бул долбоор пандемиядан кийин мектептерди коопсуз калыбына келтирүүгө жана окуудагы боштуктарды толуктоого колдоо көрсөтүүнү максат кылган.

Жапон Өкмөтү бул үч жылдык демилгеге жалпысынан 2,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө салым кошуп, мектептердин жабылышынан улам окууда пайда болгон боштуктардын ордун толуктоо максатын көздөгөн. Бул демилгеде санариптик өзгөрүүлөр негизги артыкчылык болуп, мектептерге 1000ден ашык компьютер алынып, мугалимдер маалыматтык технологиялар жаатында окуудан өтүштү. 10 300дөн ашык мугалим калып кеткен материалдардын ордун толтуруу боюнча окуудан өтүп, 5-6-класстардын 20 500 окуучусуна билимин толуктап алууга жардам беришти. Натыйжада окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин чагылдырып турган тесттин жыйынтыктары 15-20 пайызга оңолду.

Бекжан Супаналиев долбоордун жабылыш аземинде буларды айтты: “Бул долбоор күнүмдүк муктаждыктарды гана канааттандырбастан, билим берүү системабызды узак мөөнөткө жакшыртууга да негиз салып берди. Санариптик окутуу платформаларын киргизүү мугалимдерибиздин жана окуучуларыбыздын технологияны колдонуу жөндөмүн жогорулатты. Бул долбоордун алкагында түзүлгөн насаатчылык модели педагогдорго туруктуу негизде колдоо көрсөтүп, бул демилгелердин туруктуулугун камсыздайт”.

Жапониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидэки Года: “Жапония жана Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан бери акыркы 32 жылдын ичинде ар кандай тармактарда достукту жана тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүп келатат. Билим берүү – артыкчылыктуу багыттардын бири, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн негиз болуп саналат”.

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова пандемиядан кийин министрлик окуучулардын билимин толуктоо керектигин түшүнүп, айрыкча алыскы региондордогу окуучулардын артта калбашы үчүн аракеттер көрүлгөнүн айтты.

                                                                             

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар