Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
29 Ноябрь 2024 ж. 17:06
Көрүлдү: 1732
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 27-30-ноябрда Хорватиянын Дубровник шаарында өтүп жаткан PISAга катышкан өлкөлөрдүн башкаруу кеңешинин 58-отурумyна катышууда.
Бул - PISA боюнча стратегиялык мүнөздөгү негизги саясий чечимдерди кабыл алган отурум.
Иш-чаранын алкагында министр PISAны өткөргөн Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Билим берүү жана көндүмдөр департаментинин башкы директору Андреас Шляйхер менен жолугушуп, Кыргызстанда сынакты өткөрүү процесси боюнча баарлашты.
“Отурумга катышкан өлкөлөр 15 жаштагы окуучулардын көндүмдөрү эмгек рыногунун талабына жооп береби, COVID-19 пандемиясынан кийинки билим сапаты кандай болот деген суроолорго тынчсызданууда. Пандемиядан кийинки көрсөткүч сөзсүз төмөн болушу мүмкүн. Анткени планета боюнча 1,5 млрд бала узак мөөнөткө билим алуу процессинен үзгүлтүккө учураган. Анын ичинде биздин өлкө да бар. Андыктан эмдиги жылы өтө турган сынакка жапырт даярданышыбыз керек. Ар бирибиз балдарыбыздын сыноодон татыктуу өтүшүнө шарт түзөлү. Сапаттуу билимди калыптандыруу мектептин, мугалимдин гана милдети эмес. Окуучуну билим алууга шыктандырган чөйрө – анын үй-бүлөсү. Сынакка даярдыктын алкагында 1200 мектепте компьютердик класстар түзүлдү. Миңдеген мугалимдерди окутуп, колдоно турган сынамык тесттер иштелип чыкты”, - деди министр.
Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Догдуркүл Кендирбаева Хорватиянын илим жана билим берүү министри Радован Фукс менен жолугушту. Анда билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий мурасты окуу программаларына интеграциялоо ыкмаларын талкуулап, ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүштү.
Д. Кендирбаева Гонконгдун Өкмөтүнүн билим берүү боюнча катчысынын орун басары Чой Юк-Лин менен да жасалма интеллект, санариптештирүү жана квота боюнча бир катар маселелерди талкуулады. Чой Юк-Лин министрдин бардык сунуштарын расмий түрдө карап, иштеп чыгарын айтты.
PISA - окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа. Мындан ары PISA төрт жылда бир жолу өткөрүлөт (мурда үч жылда бир жолу болчу) жана кийинки сыноо 2029-жылы өтөт. Ал өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүн көтөрө турган жаштардын көндүмдөрүн аныктайт. Эмгек рыногуна эң керектүү көндүмдөр болуп саналган функционалдык сабаттуулук аныкталат.