МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Ноябрь 2024 ж. 15:26

Көрүлдү: 1425

28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев министрликтин коомдук кабылдамасы аркылуу министрдин жана анын орун басарларынын кабыл алуусуна алдын ала жазылган жарандар менен жолукту.

post.title

Анда жарандар тарабынан ар кандай маселелер көтөрүлдү. Аларды Б. Супаналиев өз компетенциясынын чегинде карап чыгып, жарандар менен эркин баарлашты жана дээрлик бардык суроолорго жооп берди. Ошондой эле министрдин биринчи орун басары оозеки түрдө берилген айрым жоопторго толук канааттанбаган жарандарга министрликтин дарегине кайрылуу жазып калтырууну сунуштады.

Эске сала кетсек, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алат.

Министрликтин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар