СТУДЕНТТИК СТАРТАП-ДОЛБООРЛОРДУН СЫНАГЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Май 2024 ж. 10:22

Көрүлдү: 1373

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана бизнес-идеяларды андан ары илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында стартап-долбоорлорго сынак жарыялайт.

post.title

Стартап-долбоорлор төмөнкү “Тематикалык” багыттар боюнча тандалып алынат:

- маалыматтык / санариптик технологиялар;

- медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары;

- жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;

- интеллектуалдык өндүрүш технологиялары;

- биотехнология;

- ресурстарды үнөмдөөчү энергетика;

- агрардык технологиялар;

- жашыл экономика;

- чыгармачыл тармактар;

- тейлөө тармагы.

Документтердин топтому startupkg1@gmail.com электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Кошумча маалыматты 0708 888 063 номуру аркылуу алууга болот.

Документтер 2024-жылдын 10-майынан 10-августуна чейин кабыл алынат.

Толук маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/390/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар