УРПАКТАРГА АК ИЛБИРСТИ САКТОО ҮЙРӨТҮЛҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Апрель 2024 ж. 18:15

Көрүлдү: 608

26-апрелде “Мектептер 2030” программасы боюнча Нарын облусунда жасалып жаткан иштер менен тааныштыруунун алкагында Нарын шаарындагы №18 “Ак-Дил” балдар бакчасында “Илбирсти” сактоо темасында ачык сабак уюштурулду.

post.title

Аталган программанын алкагында “Ак-Дил” балдар бакчасы 2023-2024-окуу жылында “Жаратылыш-жан досум” ийримин уюштурган. Ийримдин сабактарында балдар жаратылыш кубулуштарын изилдеп, эксперименттерди  өткөрүп, практикалык көндүмдөрдү калыптандырып, айлана-чөйрөнү коргоо, сергек жашоонун эрежелерин үйрөнүү, баарлашуу жана өз-ара аракеттенүү аркылуу билимдерин бекемдешет.

“Ак-Дил” балдар бакчасы 25-апрелде аталган программанын алкагында жабдууларды алган Нарындагы 15 бала бакчанын бири.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар