БИЛИМ БЕРҮҮ СЕКТОРУНДАГЫ РЕФОРМАЛАРДЫН ОҢ НАТЫЙЖАЛАРЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Апрель 2024 ж. 18:07

Көрүлдү: 1290

2024-жылдын 26-апрелинде Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашуунун экинчи траншына өтүнмө берүү үчүн индикатордун аткарылышы жөнүндө Байкоочу кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

post.title

Жыйында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү, Финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Билим берүү жана илим министрлигинин индикаторлордун аткарылышын баалоонун жыйынтыктары жөнүндө ЕСтин баалоону кароо миссиясынын эксперттеринин отчетун угушту.

Байкоочу кеңеш көп тилдүү билим берүү, жашыл көндүмдөрдү киргизүү, медиа сабаттуулук жана санариптик сабаттуулук боюнча мугалимдердин потенциалын жогорулатуу сыяктуу каржылык макулдашуунун шарттарын аткаруудагы реформалардын оң натыйжаларын белгиледи.

Андан ары отчет Брюсселге Европа Биримдигинин башкы кеңсесине экинчи траншты бөлүү боюнча чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Билим берүү секторунда реформа жүргүзүү боюнча Финансылык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №172-р Тескемеси менен жактырылган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар