“МЕКТЕПТЕР 2030” ПРОГРАММАСЫ: НАРЫНДАГЫ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРГА ЖАБДУУЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Апрель 2024 ж. 16:40

Көрүлдү: 582

25-26-апрелде Билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мектептер 2030” программасы боюнча Нарын облусунда жасалып жаткан иштер менен тааныштыруу жүрүүдө.

post.title

Аталган программанын алкагында Нарын шаарындагы 17 мектеп жана Нарын облусундагы 15 бала бакча жабдууларды, окуу материалдарын жана башка ресурстарды алышты. Билим берүү уюмдары өздөрү иштеп чыккан долбоорлорго ылайык жабдууларды алышты.

Өткөн аптада Ага Хан фонду Билим берүү жана илим министрлигине “Мектептер2030” программасынын алкагында пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакчага 5 500 000 сомдук интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдарды тапшырган.

Быйыл 11-13-июнда Мектептер2030” программанын алкагында III Глобалдык форумунда 36 өлкөнүн  200дөн ашуун өкүлү Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышат.

Мектептер2030 – 10 мамлекеттеги 1000 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган глобалдык 10 жылдык программа.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар