ДҮЛӨЙ БАЛДАР ҮЧҮН ЖАТАК МЕКТЕБИНИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Апрель 2024 ж. 16:14

Көрүлдү: 1152

26-апрелде Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Бишкек шаарындагы Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак мектебинин 90 жылдык мааракеси белгиленди.

post.title

Мааракелик иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри орун басары Марат Тагаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Эдил Байсалов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана өзүнөн атынан мектептин мааракеси менен куттуктады.

“90 жылдан ашуун убакытта жатак мектеп калыптануунун жана өнүгүүнүн узак жана татаал жолун басып өттү. Анын тарыхында көптөгөн даңктуу барактар жана жаркын ысымдар бар. Мектеп миңдеген бүтүрүүчүлөргө жашоодо өз ордун таап, коомго аралашып кетүүсү үчүн билим берип келет”, - деди МинКаб Төрагасынын орун басары.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев 90 жылдык мааракеге карата Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак мектебинин 8 мугалимине министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

Бул мугалимдерге көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн берилди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы”  төш белгиси  менен сыйлангандар:

  1. Субанбекова Асель Мидиновна, башталгыч класстардын кыргыз тили мугалими.
  2. Шегайбаева Динара Омурбековна, жогорку класстардын математика мугалими.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

  1. Кутулдубек кызы Кенжегүл, башталгыч класстар мугалими.
  2. Ажимбаева Нурийла, башталгыч класстар мугалими.
  3. Джумагулова Венера Ташиевна, башталгыч классынын жеке иштөө мугалими.
  4. Таржиева Шайыргуль Молдокадыровна, башталгыч класстар мугалими.
  5. Бекишова Чолпон Ишенбековна, башталгыч классынын жеке иштөө мугалими.
  6. Джалгапов Алмазбек Мелисович, жогорку класстардын кол эмгек сабагынын мугалими.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар