БИШКЕКТЕ ТАЛАП КЫЛЫНГАН КЕСИПТЕРДИ ТАНДОО ҮЧҮН ФЕСТИВАЛЬ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Апрель 2024 ж. 14:13

Көрүлдү: 1177

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрүн суроо-талапка ээ кесиптер менен тааныштыруу, колледжди же лицейди тандоодо жардам берүү, окутуунун өзгөчөлүктөрүн билүү максатында үчүнчү жыл артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалын өткөрүүдө.

post.title

26-апрелде Бишкекте өткөн артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бүтүрүүчү класстын окуучуларына: “Жыл өткөн сайын баары өзгөрүүдө, эч нерсе ордунда турбайт. Андыктан кесип тандоодо акылдуулук менен мамиле кылууга чакырам”, - деди.

Расул Абазбек уулу ар кайсы мезгилде жана ар кайсы мамлекеттерде кесиптерге болгон суроо-талаптын өзгөрмөлүүлүгүнө көңүл бурду: “Дүйнөдө 40 миңден ашуун кесип бар... Кыргызстанда 150дөн ашык кесип болсо, анын 40ы эң көп талап кылынган кесиптер болуп эсептелет. Бизде тигүүчүлөргө, конструкторлорго, дизайнерлерге, ширетүүчүлөргө, куруучуларга, гүл сатуучуларга, троллейбус айдоочуларына, энергетиктерге талап абдан жогору”.

Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын өлкөлүк директору Чжэ Ву: “Билим берүүгө жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө инвестицияоо экономикалык өсүштү жана өндүрүмдүүлүктү стимулдаштыруу үчүн абдан маанилүү болуп чыкты. Азия өнүктүрүү банкы ырааттуу инвестициялык долбоорлор жана программалар аркылуу көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин колдоду. Эмгек рыногунун өнүгүшүнө жана билимдердин жана көндүмдөрдүн жаңы түрлөрүнө суроо-талаптын пайда болушуна жараша билим берүү системалары суроо-талапка жооп катары өзгөрүүгө мажбур болууда”, - деди.

Кесиптик лицейлердин жана колледждердин окутуучулары жана окуучулары жыгачтан же металлдан жасалган тиричилик буюмдарынын, көйнөктөрдүн, таттуу токочтордун көргөзмөсүн, адистиктердин тизмеси жана кабыл алуу боюнча маалыматтар жазылган стенддерди тартуулашты.

Мектеп окуучулары кесиптер боюнча сынактарга катышып, окуу жайлар этникалык жана кече көйнөктөрүнүн коллекциясын көрсөтүп, ыр-бийлер даярдалды.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар