АЗЕРБАЙЖАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КВОТА БӨЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Апрель 2024 ж. 12:21

Көрүлдү: 1260

Азербайжан Республикасы 2025-жылдан тарта жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына беш (5) квоталык орун бөлөт.

post.title

Бул 2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу” долбоорунун негизинде ишке ашат.

Эки тараптуу макулдашуу долбооруна кол коюуга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

Макудашуу долбоорунда кабыл алуучу өлкө жиберүүчү өлкөнүн жарандарын акысыз окутуу, аларга стипендияларды төлөөнү жана өз улуттук мыйзамдарына ылайык медициналык тейлөөнү, окуунун тиешелүү шарттарын, ошондой эле спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерди өз мамлекетинин жарандары үчүн каралган шарттарда пайдаланууга укук берери жазылган.

Ошондой эле Президенттин Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизи билим берүү, илимий жана маданий тармактарда тажрыйба, окутуучулар жана студенттер менен алмашуу болуп саналат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар