КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУНУН ДИРЕКТОРЛУГУНА АЧЫК СЫНАК

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Апрель 2024 ж. 12:10

Көрүлдү: 312

Билим берүү жана илим министрлиги И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директорлугу кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

post.title

Сынактык тандоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндөтоктому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

Тандоого 65 жаштан ашпаган, бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 26-апрели.

Документтерди кабыл алуунун аякташы: 2024-жылдын 14-майы, саат 18:00гө чейин.

Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч. 257., КР Билим берүү жана илим министрлиги, 210-кабинет .

Сурап билүү телефону: 0312 66-47-19, (КР Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Серкебаева Калия)

Толугураак – https://edu.gov.kg/announcements/383/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар