БРИТАНИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН МИССИЯСЫ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Апрель 2024 ж. 17:33

Көрүлдү: 1389

24-апрелде Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик башкаруу тармагындагы кеңешчиси Мирза Джахани жана Улуу Британиянын Аддис-Абебадагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Севит Гетачу Деста менен кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.

post.title

Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасындагы 73 жогорку окуу жайдын 28и мамлекеттик экенин жана 6 жогорку окуу жай өзгөчө макамга ээ экендигин айтты.

“Өзгөчө макамдагы жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берилген. Кыргыз Республикасы Улуу Британиянын университеттери менен тыгыз кызматташат. Алсак, Сассекс университетинде, Лондон экономика жана саясат таануу мектебинде билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы ыйгарылган студенттер бар”, - деди министрдин орун басары.

Мындан сырткары Расул Абазбек уулу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташуулар тууралуу айтып, бул жаатта Улуу Британиянын дагы тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушууда тараптар башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү жаатында биргеликте долбоорлорду ишке ашырууну, кызматташуу багыттарын талкуулашты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар