“ЖАШЫЛ МУРАС” УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮ: БЫЙЫЛ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ 212 МИҢГЕ ЖАКЫН КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Апрель 2024 ж. 15:21

Көрүлдү: 1319

Өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында билим берүү уюмдары жыл сайын көчөт отургузуу иштерин жүргүзүп келет.

post.title

Быйыл республика боюнча билим берүү уюмдары болжолдуу 212 миң көчөт отургузууга жетишти. Анын ичинде бала бакчалар – 38 миңге жакын, мектептер – 103 миңден ашуун, башталгыч кесиптик окуу жайлары – 20 миңдей, орто кесиптик окуу жайлары – 23 миңдей, жогорку окуу жайлары – 27 миңдей көчөт отургузду. 

Мектептер:

*Ысык-Көл облусу – 12806 көчөт,

*Талас облусу – 14273 көчөт,

*Чүй облусу – 16330 көчөт,

*Ош облусу – 8011 көчөт,

*Бишкек шаары – 2325 көчөт,

*Жалал-Абад облусу – 30135 көчөт,

*Баткен облусу – 6968 көчөт,

*Ош шаары – 7016 көчөт,

*Нарын облусу – 5515 көчөт.

Бала бакчалар:

*Чүй облусу  – 840 көчөт,

*Ысык-Көл облусу – 4284 көчөт,

*Нарын облусу  – 1606 көчөт,

*Баткен  облусу – 3392 көчөт,

*Талас  облусу – 7169 көчөт,

*Бишкек шаары – 1506 көчөт,

*Ош  облусу  – 7296 көчөт,

*Жалал-Абад облусу  – 8975  көчөт,

*Ош шаары – 2671 көчөт.

Улуттук өнөктүктүн алкагында билим берүү уюмдарынын арасында 2 айлык көчөт отургузуу акциясы жүрүүдө. Учурда көчөт отургузуу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар