КОЧКОР РАЙОНУНДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ОН БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Апрель 2024 ж. 14:29

Көрүлдү: 1056

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылуусу 16-апрелде болуп өттү.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорунун алкагында Нарын облусунда кыска мөөнөттүү дагы 69 бакча түзүлөт.

Нарын облусу боюнча түзүлө турган бакчалардын район боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Жумгал району – 10; 
  • Кочкор району – 20;
  • Нарын району – 24;
  • Ат-Башы району – 18;
  • Ак-Талаа району – 6;
  • Нарын ш. – 1.

"Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат. 

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Алар учурда ийгиликтүү иштеп келет. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар