ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО СЫНАГЫ: 147 ТАЛАПКЕР БОСОГО ПАЙЫЗДЫ ТОПТОДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Апрель 2024 ж. 14:35

Көрүлдү: 2415

Билим берүү жана илим министрлиги 13-апрелде республика боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун компьютердик тестирлөөсүнөн 147 талапкер ийгиликтүү өткөндүгүн маалымдайт.

post.title

Таагырагы, катышуучулардын 52%ы белгиленген 60% босого упайды топтоду:

  • Бишкек шаары – 17 талапкер,
  • Ош шаары – 3,
  • Баткен облусу – 9,
  • Жалал-Абад облусу – 25,
  • Чүй облусу – 10,
  • Нарын облусу – 16,
  • Талас облусу – 11,
  • Ош облусу – 32,
  • Ысык-Көл облусу – 17,
  • республикалык баш ийүүдөгү мектеп-интернаттар – 7.

Сынакка катышуу үчүн өлкө боюнча жалпы 490 талапкерден документ келип түшкөн.  Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 58% талапкерге тестирлөөгө катышууга уруксат берилсе, ал эми 42%  талапкердин документтери белгиленген талаптарга ылайык келбегендиктен четтетилген. 

Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Республика боюнча ваканттык орундардын саны – 407.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар