Лицензиялоо сектору
Лицензиялоо сектору
БИЛДИРҮҮ!!! Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттердин окутуу семинарын өткөрөт.

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттердин окутуу семинарын өткөрөт. Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттерди окутуу семинары Бишкек шаарында 2024-жылдын 27-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында жана Ош шаарында 2024-жылдын 28-29-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлөт.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттердин окутуу семинарын өткөрөт.
Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттерди окутуу семинары Бишкек шаарында 2024-жылдын 27-майында жана Ош шаарында 2024-жылдын 28-29-май күндөрү өткөрүлөт.

Семинарга катышуу үчүн 2024-жылдын 21-майына чейин asula.edu@gmail.com электрондук дарегине тиркемеге ылайык мамлекеттик же расмий тилде жазылган арыз жөнөтүү керек.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
-    паспорттун көчүрмөсү;
-    жогорку кесиптик билими тууралуу документ;
-    эмгек китепченин көчүрмөсү;
-    резюме.
Семинардын катышуучуларына төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: 
1.    Жогорку кесиптик билиминин болушу.
Жогорку билим, илимий наам же даража (артыкчылык берилет), билим берүү тармагында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же билим берүү тармагында долбоорлорду же башка иш-чараларды ишке ашыруу боюнча билим берүү уюму менен биргелешкен иш тажрыйбасы, ошондой мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.
2. Мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.
3. Жалпы билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актыларды билүү.
 4. Компьютер жана башка техника менен иштей билүү, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу.

Ошондой эле, катыша турган эксперттер төмөнкү шилтеме боюнча маалыматтарды туура жана так толтуруусу зарыл:
Бишкек шаары:
https://docs.google.com/spreadsheets/d/1ZkPTtw1e8256qPaGNOR_noq9S6tx611K6l1Y8OPiH1Y/edit#gid=0
Ош шаары:
https://docs.google.com/spreadsheets/d/1ZkPTtw1e8256qPaGNOR_noq9S6tx611K6l1Y8OPiH1Y/edit#gid=1592966251 

Эскертүү: Документтерди таңдоо боюнча жумушчу комиссия  2024-жылдын 20-21-майында иш алып барат. Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө же тариздөө эрежелерин бузуу менен берүү талапкерге семинарга катышуудан баш тартуунун негизи болуп саналат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар