Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
БИШКЕКТЕ “МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ЭЛ ЖОМОГУ – ЭЛ МУРАСЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 478

25-майда Республикалык “Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда “Манастын урпактары:” Эл жомогу – Эл мурасы” VI шаардык фестивалы болуп өттү.

post.title

Ага борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары катышты.

Балдар "Акылдуу дыйкан", "Бугу эне" жомогунан жана "Чоң казат", "Манастын түшү" эпосторунан үзүндүлөрдү айтып беришти.

Калыстар тобу баш байгени №127 мектепке чейинки билим берүү уюмуна (МЧББУ), 1-орунду №82 жана №14 МЧББУ, 2-орунду №180 жана №64 МЧББУ, 3-орунду №187 жана №22 МЧББУга ыйгарды.

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен №75, №14, №5 мектепке чейинки билим берүү уюмдары сыйланды.

Фестиваль балдарды оозеки элдик чыгармачылык аркылуу кыргыз элинин маданиятына тартуу менен салттуу билимдерди жана маданий-тарыхый мурастарды жайылтуу максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, фестиваль Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар