Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Ыссык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ново-Константиновка айылындагы «Чон Жергез-Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылды

Көрүлдү: 0

Ыссык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ново-Константиновка айылындагы «Чон Жергез-Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылды

post.title

    2022-жылдын 2-апрелинде Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районуна караштуу, Ново-Константиновка айылында 50 балага ыйлайыкташтырылган  2 тайпадан турган «Чоӊ Жергез-Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземи болуп өттү.

 Ачылыш аземине Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы М.Ж.Насиров, социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Г. Суранчиева, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Шамиев, райондук бала бакчалардын башчылары, Кереге-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы Э.Тельтаев, айыл өкмөт башчысы  Эмил уулу Арстанбек жана  айыл тургундары  катышты.

Аталган бала бакча түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2,5 млн. сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунун эсебинен 750 миӊ сом эмеректер алынган.

Мындан сырткары, айыл тургундары тарабынан 70 мин сомдук колдоого  бала бакчага  керектүү идиш-аяктар менен буюмдар алынды.

Ошондой эле, биздин  аймактан шайланган Жогорку Кеӊештин депутаты А.Түмөнбаев тарабынан 100.0 (бир жүз миӊ) мин сом акча каражаты берилип өрт өчүрүүчү  каражаттар, таза суу менен камсыздоочу шаймандар жана сантехникалык жабдуулар менен камсыздалы.

Ачылыш аземинде айыл тургундарына майрам тартуулап районубуздагы «Боз-Салкын» фольклордук ансамбли чакан концерт тартуулашты. Майрамды шаӊга бөлөп кичинекей бөбөктөр ыр-бий тартуулап улантышты. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар