Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
2022-жылы өлкөнүн медициналык жогорку окуу жайларын 4386 адис бүтүрүп чыгат

Көрүлдү: 1425

Ушул тапта Кыргыз Республикасында 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдайт. Анын ичинен алтоосу мамлекеттик, он жетиси мамлекеттик эмес окуу жайлар болуп саналат. Мамлекеттик эмес ЖОЖдун үчөөсүнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок.

post.title

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 23012, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 16839. 

Медициналык студенттердин жалпы санынын 77 пайызы (же 31786 студент) – чет элдиктер, анын ичинен:

- Индиянын жарандары 14456,

- Казакстандын жарандары – 571,

- Пакистандын жарандары – 9725,

- Россиянын жарандары – 668,

- Тажикстандын жарандары – 357,

- Өзбекстандын жарандары – 5174

башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363,

- башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары 472.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15308 чет өлкөлүк студент, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордо 16478 чет өлкөлүк студент билим алып жатат. 

2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык негизде, 37143 контракттык негизде окуп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4386 адис бүтүрөт, анын ичинен 351 – бюджеттик негизде окугандар, 4035 – контракттык негизде окугандар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар