«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Инновациялык Агро Борбор» ачылды

Көрүлдү: 726

15-февралда Көк-Жар айылындагы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин имаратанды «Инновациялык Агро Борбор» ачылды.

post.title

Борбор бизнес, билим берүү жана иш-чаралар үчүн мультимедиалык мейкиндиктерди камтыйт. «Жаш Табышкер» долбоорунун алкагында. Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен жабдылган.

Борборду жабдуу ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жана тренингдерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Келечекте бул борбор агроөнөр жай тармагындагы билим берүү жана бизнес үчүн чечимдерди сыноо үчүн тестирлөө аянтчасына айланат.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр мырза, КМЮАнын жетекчилиги, Enactus Kyrgyzstan директорлор кеңешинин төрагасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар