Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таануу жана өнүктүрүү курсу

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 11-15-августунда Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Youth of Osh” жана Кыргызстандагы Хельветас коомдук уюму тарабынан уюштурулган “Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таануу жана өнүктуруу” боюнча окуу курсу болуп өттү.

post.title

Курстун максаты – угуучулардын өзүн-өзү таануусу жана инсан катары калыптанышын, анын көз карашына, дүйнө таанымына, жөндөмдүүлүгүнүн калыптанышына салым кошуу, ошондой эле муундардын ортосундагы байланышты түзүү аркылуу коомдогу туруктуулукту камсыз кылуу.

Мектепте класстык сааттарды өткөрүү үчүн бул 72 сааттык курс үч модулду камтыйт:

I модуль – “Өзүн-өзү таануу жана инсандык өнүгүү” өспүрүмдөр жана жаштар үчүн коммуникация жана турмуштук көндүмдөр, ошондой эле кесипке багыт берүүнүн негиздери;

II модуль – окуучулар менен өз ара аракеттенүүнүн педагогикасы жана психологиясы окуучулар/балдар менен ишенимдүү мамилелерди курууга негизделген мугалимдер үчүн “Насаатчылык”;

III модуль – мектеп окуучуларынын ата-энелери менен иштөө тажрыйбасын жакшыртуу максатында мугалимдер үчүн “Муундар аралык байланыш”.

Окууга КББАнын, РПКК ЖКДдин, областтык окуу жайлардын жана республиканын методикалык борборлорунун кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан түзүлгөн меморандумдун алкагындагы милдеттерди ишке ашыруу максатында, тактап айтканда, жаштарды тарбиялоону жана педагогикалык практиканы өркүндөтүү, бир катар окуу куралдары/колдонмолору окутуунун алкагында класстык сааттар иштелип чыккан.

“Youth of Osh” коомдук бирикмеси жаштардын сапаттуу жашоосу жана өнүгүүсү үчүн билим жана көндүмдөрдү алууга жардам берген прогрессивдүү жаштар уюму Кыргызстанда 14 жылдан ашык убакыттан бери жигердүү иштеп келет.

Мансапова Гулира

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар