Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Дени сак болуу модалуу!

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында “Ден сак болуу модалуу!” деген ураан алдында парасууда сүзүү боюнча мектеп окуучуларынын чемпионаты болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2022-жылдын 10-августундагы №445 чечими) бекитилген 2022-2026-жылдарга баңги затына каршы күрөшүү программасынын алкагында уюштурулду. Мелдешке ден соолугунун жана кыймыл-аракетинин ар кандай мүмкүнчүлүгү чектелген 40тан ашык балдар катышты, алардын арасында көрүүсү начар жана азиздер, акыл-эс бузулуулары бар, ошондой эле таяныч-тарамыштарынан жабыркаган балдар катышты. Жеңүүчүлөр КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борборунун сыйлыктары менен сыйланышты.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар