Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча сектору
Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча сектору
“Ата-энелер мектеби” программасы ишке киришти

Көрүлдү: 0

Республиканын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасынын негизинде ата-энелер менен биримдикте балдарды тарбиялоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган окуулар башталды.

post.title

2022-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарынын № 87 орто мектебинде 3- класстын ата-энелери менен “Ата-энелер мектеби” программасы боюнча алгачкы сабактар өтүлдү

Ата-энелер үчүн болгон алгачкы сабак “Ата-эне мектеп бириксек,

балдарда болот келечек” деген ураандын алдында башталды

Сабакты 3-класстын класс жетекчилери Абдилазизова Айгүл жана Оморова

  Сагын эжелер өтүштү. Сабакка 3- класстын ата-энелеринин 65 %ы катышты

Бул сабакта:

“Эгерде бала 3- класска барса ата-эне эмнелерди билүүсү керек?”, “Жаш курактагы окуучунун аң сезими жана инсандык образы” деген темалар боюнча ата-энелерге маалыматтар берилди жана  атайын маалымат такталары уюштурулду

Сабактын жүрүшүндө ата-энелер баланы тарбиялоодогу жетишпеген жактарын жана жакшы жолго түшкөн көндүмдөрүн ортого салып талкуулап, чакан топтордо иштешти

 

    Бул алгачкы сабакка аталардын да келгендиги мугалимдерди кубандырды. Аталар талкууларга жигердүү катышышып, топтун атынан өз ойлорун билдирип жана аткарган тапшырмаларын жактап да чыгышты.

     Сабактын аягында ата-энелер атайын даярдалган психологиялык тестти белгилешип,    өздөрүнун кандай ата-эне экендиги боюнча жыйынтыктарды окуп, талкууга алышты.

Мугалимдер ата-энелерди зериктирбей, тапшырмалар арасында бала тарбиясына байланышкан оюндарды ойнотушту. Сабак 2 саатка чамалап аяктаса да, үйгө шашкан ата-энелер болгон жок.
 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар