Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮ ӨТКӨРҮҮ КҮНДӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Көрүлдү: 2506

2024-жылдын 7-майында Билим берүү жана илим министрлигинин “Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө” №693\1 буйругу бекиди.

post.title

Буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталат.

2024-жылдын 18-майынан 25-июнуна чейинки убакыт ЖРТ өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

  • I этап: 2024-жылдын 18, 19, 20-майында;
  • II этап: 2024-жылдын 22, 23, 24-майында;
  • III этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 21, 22, 23-июнунда.

17-май, 21-май, 20-июнь - тест борборлорун даярдоо күндөрү. 

Эскерте кетсек, каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар