Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ

Көрүлдү: 679

Пресс-анонс

post.title

2024-жылдын 8-майында Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” маалымат агенттигинде Балкан математикалык олимпидасына катышкан окуучулар менен басма сөз жыйынын өткөрөт.

Болгарияда өткөн олимпиадада бул жылы Кыргыз Республикасынын окуучулары 4 медаль жана 2 ардак грамота алышты.

Басма сөз жыйындын катышуучулары:

- Мырзалиева Алымкан Бопоновна, Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

- Мамат Ишматов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин математика мугалими;

- Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары, Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу.

Убактысы: 2024-жылдын 8-майы, саат 10:00.

Жери: “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүльмира Уметалиева, 0554445566

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар