Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
СУЗАКТА ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 1225

Билим берүү жана илим министрлиги 5-майдан тарта Сузак районунда жабыркаган балдар менен алардын ата-энелерге жогорку окуу жайлардын психологдору жеринде жардам көрсөтүп жаткандыгын билдирет.

post.title

Бейтаптар менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан Эл аралык университетинин жана “Кыргызстан Эл аралык университети” Окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин психологдору иштөөдө. Ошондой эле Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колледжинин, Бишкек медициналык колледжинин студенттери балдарга социалдык жардам көрсөтүүдө.

Мындан сырткары Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, Сузакта жана Октябрь кыштагындагы бейтапканаларга жаткырылган балдардын жана алардын ата-энелери 3-майдан бери ыктыярчы психологдор тарабынан жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Сузак районунда жабыркаган 10 бала Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.  

Балдар жана алардын ата-энелери үчүн психологдордун жана жардамчылардын иштөө графиги - файл 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар