Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 2229

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

post.title

Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 22-майы саат 18:00гө чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Чүй облусу – konkurs.chui@ncokoit.kg

Баткен облусу – konkurs.batken@ncokoit.kg

Ош облусу – konkurs.osh@ncokoit.kg

Жалал-Абад облусу – konkurs.ja@ncokoit.kg

Нарын облусу – konkurs.naryn@ncokoit.kg

Талас облусу – konkurs.talas@ncokoit.kg

Бишкек шаары – konkurs.bishkek@ncokoit.kg

Ысык-Көл облусу – konkurs.ik@ncokoit.kg

Ош шаары –  konkurs.g.osh@ncokoit.kg

Сынактын толук жобосу менен таанышуу үчүн – файл (пдф)

Бош орундар тизмеси - файл

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар