Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА АЧЫЛГАН БАЛА БАКЧА ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН ТИЗМЕСИ

Көрүлдү: 1076

Бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын ачылышына катышты. Мектеп Ош шаарында курулган жана 720 балага ылайыкталган.

post.title

Ошондой эле өлкө башчы курулушу жаңы аяктаган 10 билим берүү обьектисинин ачылышына онлайн катышты.

 Жаңы мектеп жана бала бакчалардын тизмеси:

  1. Ош облусунун Ош шаары, 720 орундуу И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы, сметалык баасы  279,6 млн сом;
  2. Чүй облусунун Сокулук району, 500 орундуу Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеби, сметалык баасы – 113,8 млн сом;
  3. Ысык-Көл облусунун Түп району, 450 орундуу А.Кармышаков атындагы мектеби, сметалык баасы 137 млн сом;
  4. Бишкек шаарынын Свердлов району, Төмөнкү Ала-Арча айылдык орто мектебинин 375 орундуу кошумча корпусу, сметалык баасы – 88, 275 млн сом;
  5. Ош облусунун Алай району, 225 орундуу К.Аматов атындагы №24 орто мектеби, сметалык баасы  82,1 млн сом;
  6. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району, 225 орундуу П.Колесников атындагы орто  мектеби, сметалык баасы – 58 млн сом;
  7. Баткен облусунун Лейлек району, 150 орундуу “Сары-Дөбө” орто мектеби, сметалык баасы – 84,516 млн сом;
  8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району, 150 орундуу У.Мырзакматов атындагы орто мектеби, сметалык баасы – 54 млн сом;
  9. Ысык-Көл облусунун Түп району, 150 орундуу З.Батырбаева атындагы орто мектеби, сметалык баасы  63 млн сом;
  10. Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, 120 орундуу №12 бала бакча, сметалык баасы  84,356 млн сом;
  11. Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, 120 орундуу №7 бала бакча, сметалык баасы – 70,982 млн сом.

Белгилей кетсек, Ош шаарында мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусундагы мектептердин ачылыш аземине билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Баткен облусунда –министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев, Ысык-Көл облусунда – министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, Чүй облусунда – министрдин орун басары Лира Самыкбаева катышты.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар