Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 983

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын 2-майынан 3-майына караган түнү Жалал-Абад облустук балдар клиникасына барып, Сузак районундагы автокырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды.

post.title

Министр балдардын абалы менен таанышып, ата-энелерине балдардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин билдирди. Догдуркүл Кендирбаева балдардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык аракетин жасап, кам көрүп жаткан медиктерге ыраазычылык айтты.

Министрлик учурда медициналык уюмдар жана бардык тиешелүү тараптар менен кызматташып, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү аракетинде.

Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан  "Урааным Манас" кароо сынагы республика боюнча токтотулду.

Мындан тышкары эми жогорку окуу жайлардын психолог педагогдору аталган аймакка тартылып,  балдар жана  ата-энелерге жеринде көмөк көрсөтүү үчүн күн-түнү тамак-ашы, жатаканасы менен убактылуу кризистик борбор уюштурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар